Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.09.2019 19:00

Сүрөт — Байгөнчөктөгү бала бакча 2,5 млн сомго оңдолуп, пайдаланууга берилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылындагы бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 25-сентябрда аталган айылдагы «Байгөчөк келечеги» бала бакчасынын ачылыш аземи белгиленди. Ага, райондук бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, бала бакчанын эмгек жамааты жана оңдоо иштерин аткарган фирманын өкүлдөрү катышты.

«Буга чейин бала бакчабыздын эскилиги жетип, чоң көйгөй жаратып келген. Дем берүүчү гранттын жана өздүк салымдын эсебинен жалпы 2 млн 502 миң сомго оңдоо иштери жүргүзүлдү. Каалга-терезелери толук алмашылды, ичи-тышы шыбалды, жаңы отказан, жаңы жылуулук түтүкчүлөрү коюлду, үстү чатырланды. Андан сырткары, эшигинин алды менен дааратканага бара турчу жолго таман таш төшөлдү жана кире бериш салынды.

Оңдоо иштерин аткаруу үчүн тендерге 9 фирма катышкан. Оңдоо иштери сапаттуу жасалды. Баса белгилеп кетчү жагдай, айтылган сумманын ичинен өздүк салым катары айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом жана дагы бир жеке ишкерибиз 352 миң сом каражат беришти», - деди айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов.

Ошондой эле бала бакчанын оңдолушуна салым кошкондор бала бакчанын, айыл өкмөттүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Бала бакчада жалпы 44 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×