Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.09.2019 12:40

Ак-Талаанын Коңорчок айылында 1,1 млн сомго кичи футбол аянты курулду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилгенин айылдык кеңештин депутаты Айбек Кожоев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кичи футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 900 миң сом каражат бөлүнүп берилсе, айылдын Бишкекте жашаган жаштары 200 миң сом каражат чогултуп беришкен. Ал эми аянтчаны куруу иштерин мектеп жамааты, айылдагы жаштар колго алышкан.

Кичи футбол аянтчасынын ачылышында аянтчаны курууга салым кошкондор сыйланып, футболдук мелдеш өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×