Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.09.2019 14:46

Ак-Талаанын Коңорчок айылындагы мектеп 2,6 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектеби 2 млн 623 миң сомго оңдолуп жатканын мектеп директору Айбек Кожоев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 360 орундуу орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы 2 млн 623 миң сом жумшалса, мунун ичинен 503 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 172 миң сому жеке демөөрчү тарабынан, ал эми калган каражат дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланган.

«Мектептин 1-2-кабатынын каалга-терезелери толук алмаштырылып бүттү. Бүгүнкү күнү жер төлөсүнүн жылытуу системасы калды. Ошондой эле мектептин 56 метр айланасын тосуу иштери калды», - деди А.Кожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×