Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.09.2019 18:24

Ак-Талаада ишкерлерге кеңештер берилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда чакан ишкерликти колдоо боюнча талкуу өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 26-сентябрда район бийлигинин уюштуруусунда айыл аймактарда чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча өткөрүлгөн талкууга аким Нурбек Молдокадыров, ишкерликти колдоо боюнча кеңешчилер, жергиликтүү ишкерлер жана айрым айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.

Талкуунун жүрүшүндө асыл тукум малдарды асыроо, кийим тигүү цехтеринин ишин алдыга илгерилетүү, балык өстүрүү, бал өндүрүү, биогаз жана жер семирткичтерди иштетүү, күнөсканаларды куруу менен жер-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүүнү жана башка ишкерликти колго алуу талкууланды. Андан сырткары долбоорлорду тартуу, өндүрүлгөн сырьёлорду экспорттоо, тышкы жана ички ири компаниялар менен иш алып баруунун жолдору түшүндүрүлдү.

Ошондой эле кеңешчилер ишкерлер менен айыл өкмөт башчыларына кеп-кеңештерин беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×