Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.09.2019 14:29

Ак-Талаадагы Ж.Мамбетов атындагы мектепте компьютердик класс ачылды

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинде заманбап үлгүдөгү компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылышына райондун акиминин орун басары С.Аттокурова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белеков жана ата-энелер катышты. Аталган мектепте буга чейин компьютердик жабдуулардын жетишсиздиги көйгөй болуп келген. Мугалимдер АРИСке долбоор жазышып, анын жыйынтыгы менен компьютердик жабдуулар алынып келди. Андан кийин компьютердик класс жасалгаланды.

Бөлмөгө 21 компьютер, 4 видеокамера, 3 интерактивдүү такта, 2 ноутбук, принтер, ксерокөчүрмө, 1 сервер орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×