Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.10.2019 17:26

Ак-талаалыктарга бодо малга түстүү тасмаларды байлоо керектиги эскертилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жол кырсыктарын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн аймактык кабарчыга ЖКККБнын ага тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Таалай Тоялиев билдирди.

Анын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБсы тарабынан мектеп окуучуларына жол эрежелери түшүндүрүлүп, аны менен бирге айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарга жол кырсыктарын алдын алуу туурасында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

«Азыркы учурда эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири — жол кырсыктар. Анын кесепетинен канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Жергиликтүү тургундарга жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Учурда күз келгенине байланыштуу малчылар жайлоодон түшүп, кечкисин мал короо жайга камалбастан ээн-эркин жайылып жүрөт. Ошол себептен уй, жылкылардын моюну менен куйругуна түнкүсүн жарык берүүчү жашыл өңдөгү тасмаларды байлап коюуну эскерттик. Себеби жол жээктеринде жайылып жүргөн малдар көп болуп, жол кырсыгынын келип чыгышына себеп болууда. Кечки саат 20:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин мал унаа алдында калса, ага автоунаанын ээси жооп бербестиги эскертилди. Андан сырткары мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү», - деди Т.Тоялиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×