Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.10.2019 09:39

Ак-Талаада карыяларга сый тамак берилди. Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Карылар күнү белгиленип, 200дөн ашык улгайган адамдарга сый тамак берилгенин аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 1-октябрь — Карылар күнү аталган айылында салтанаттуу белгиленип, 200дөн ашык карыя тойканага чакырылган. Аларды акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, Баетов айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу жана айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков майрамы менен куттукташты.

Андан сырткары, маданият үйүнүн жана Баетов айылдык клубунун өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×