Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.10.2019 10:26 На русском

Ак-Талаада тургундун унаасы өрттөнүп кетти. Сүрөт

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында короонун ичинде токтоп турган жеңил унаа толук күйүп кетти. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрда саат 20:10 чамасында куткаруучуларга Кара-Бүргөн айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ш.У.га таандык «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт электр жабдыктарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×