Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.10.2019 17:30

Сүрөт — Ак-Талаада Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Мугалимдердин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленгенин аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 2-октябрда райондук маданият үйүндө Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленип, аларды акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, экинчи орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, «Кыргыз почтасы» ишканасынын райондук филиалынын жетекчиси Мария Мамытова, кесиптик бирликтин төрагасы Мирбек Сатындиев жана аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова куттукташты. Андан сырткары ардагер мугалимдер куттуктоолорун жолдошту.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мугалимдерге жана тарбиячыларга Билим берүү жана илим министрлигинин, облус жана район бийлигинин, облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук китепкананын, кесиптик бирлик уюмунун жана аялдар кеңешинин ардак грамоталары, төш белгилери жана ыраазычылык каттары ыйгарылды. Ошондой эле маданият үйүнүн, балдар билим берүү борборунун жана таланттуу окуучулардын концертине күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×