Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.10.2019 14:00

«Соң-Көл бейиш экен, мен ушул жерден өлөм»: Н.Жансейитов жамааты менен бирге 70 жаштагы туристти араң кетирген

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сан-Таш айылынын 48 жаштагы тургуну Нургазы Жансейитов 5 жылдан бери Соң-Көл жайлоосундагы эс алуучу жайдын техникалык жабдыктарын карап иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Сан-Таш айылындагы А.Муканов атындагы орто мектебинен билим алгам. 2014-жылдан бери Соң-Көл жайлоосундагы эс алуучу жайдын техникалык жабдыктарын карап иштеп келем. Жаңы иштеп баштаганда суукка көнө албай жаман болгом. Азыр суукка көнүп калдым. Жумуш май айынын башынан сентябрь айынын аягына чейин уланат. Жайлообузга Европа, Малайзия, Индия жана Орто Азиядан меймандар көп келип, жаратылышыбыздын кооздугуна суктанышат. Суукка карабай сууга түшүп кетишет», - деди ал.

Нургазы Жансейитов иш үстүндө кызыктуу окуяларга байма-бай туш болот.

«Бир жолу бизге 30 жаштагы япониялык кыз келди. Анын мойнунда жана чачында темирден жасалган кооздуктар көп экен. Ал биздин аттарыбызга кызыгып, ат минди. Биз анын темирлерин көрүп, "темирлериңди чечип койсоңчу, ат үркүп кетет" деп оозубузду жыйгыча эле ат үркүп, ала качып кетти. Эр жүрөк кыз экен. Аттан секирип түшүп, бутунун бармагын оорутуп алды.

2017-жылы Англиядан коноктор келди. Алардын арасындагы 70 жаштан ашып калган ата "бул жер бейиш экен. Кудайдын жери экен. Мен бул жактан көз жумушум керек. Кетпейм!" деп бизди бир топ убара кылган. Ага "бул жактан өлгөнгө болбойт" деп түшүндүрүп жатып, анан өз жерине узатканбыз (күлүп)», - деди ал.

Н.Жансейитов жубайы Айнура Давлеткелдиева менен баш кошконуна быйыл 24 жыл болду. Алардын 3 кызы, 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×