Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.10.2019 16:29

Сүрөт — Теннис ойногон ак-талаалык аксакалдар

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 65 жашка чыккан Качкынбек Абышбаев менен Мыктыбек Апилов карыдык деп жатып албай спорт менен машыгып, ден соолугуна кам көрүп келишет.

Алар күн сайын Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейге барып, стол үстүндө теннис ойноо менен ден соолугун чыңдашса, эртең менен алыскы аралыкка чуркашат.

Карылар күнүн теннис ойноо менен белгилеген К.Абышбаев: «Мыктыбек экөөбүз классташбыз. Кичине кезибизде эле теннис ойночу элек. Азыркы убакытка чейин теннис ойноп, кыймылда жүрүүгө аракет кылып жатабыз. Спорт деген мелдешке катышып байге утуп алуу эмес да. Спорт — ден соолуктун булагы деп коёт эмеспи. Ар дайым кыймыл-аракетте болсо, оору-сыркоодон алыс болот экенсиң. Адамдын жашы өтүп калганда оору-сыркоо дагы көбүрөөк илешет тура. Ооруп, оорудум деп ооруканага барып, ар кандай дары-дармек иче бергенден көрө спорт менен жүрсөң ден соолугуң мыкты болот.

Экөөбүз күндө теннис ойнойбуз. Бирде ал утуп алат, бирде мен дегендей. Кадимкидей жеңилдеп, өзүңдү тың алып жүрөсүң», - деди.

Качкынбек Абышбаев «Рус-Нур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси. Мыктыбек Апилов райондук тарых музейинин директору болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×