Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.10.2019 10:30

Ак-Талаада дааватка чыгуунун жолдору түшүндүрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айыл аймактарында жергиликтүү тургундар экстремисттик диний уюмдарга азгырылбоого чакырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Учурдун райондо экстремизм жана терроризмге каршы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Райадминистрациянын адиси Жайдарбек Сыдыков, УКМКнын өкүлү, райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын майору Мирлан Ашырбаев, Нарын облустук казыятынын өкүлү Эрик Молдокулов жана райондун имамы Жаныбек Жээнбеков айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Алар экстремизм жана терроризмге каршы туруу, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ар кандай диний багыттагы уюмдарга, топторго азгырылбоого чакырышты. Андан сырткары, даават иштерине мыйзамдуу чыгуу, балдарга туура тарбия берүү, окуучулардын интернет колдонуусун көзөмөлгө алып туруу сыяктуу бир катар маселелер ортого салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×