Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.10.2019 17:11

Ак-талаалык көк бөрүчүлөр түшүм майрамына кызуу даярданып жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында уюшулганына 5 жылдын жүзү болгон «Үгүт» командасы түшүм майрамына карата кызуу даярданып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга көк бөрүчү Азим Кедейкан уулу билдирди.

Учурда кыргыздын улуттук оюндарынын сап башында турган көк бөрү оюну дүйнө элдеринин кызыгуусун арттырып жатат. Ошол себептен алыскы айылдарда көк бөрү командалары уюшулуп, оюнга болгон сүйүү күндөн-күнгө күч алып барууда.

«Биздин көк бөрү командасынын түзүлгөнүнө быйыл туура 5 жыл болду. Бирок бул аралыкта ири мелдештерге чыкканга жетишкен жокпуз. Команда азырынча жаш. Райондук мелдештерге гана катышып келүүдөбүз. Команданын оюнчуларынын эң улуусу 1990-жылкы жигиттер болсо, кичүүлөрү 2000-жылкы жигиттер. Жалпы 12 оюнчу бар. Буюрса алдыда минген аттарыбыздын күлүктүгүнө көңүл буруп жатабыз. Андан сырткары, республикалык же облустук мелдештерге катышып калсак деген чоң үмүт менен оюнчулардын формалары тигилди. Формаларды команданын капитаны Токон уулу Адилет өзү демөөрчүлүк кылып 14 миң сомго тиктирип келди. Айылдагы кол өнөрчү апабыз 5 миң сомго шымдарын тигип берип жатат. Форма кийип алып ойносоң, оюндун кызыгуусу артат экен», - деди А.Кедейкан уулу.

Ал оюн учурунда көптөгөн кызыктуу көрүнүштөр болорун кошумчалады.

«Оюн учурунда көп эле кызыктуу окуялар болот. Кайсы бирин айталы. Бир жолу ушундай бүйүр кызыткан мелдеш болуп жатат. Аңгыча биздин команданын бир оюнчусу улакты жерден эңип алып, тайказанды көздөй эле жөнөдү. Биз "эми таштайт, мына таштайт" деп сүрөп жатсак, баягы оюнчубуздун минип жүргөн аты тайказандын үстүнө чыгып кетти. Оюнчу улакты шашпай тайказанга салды», - деди көк бөрүчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×