Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.10.2019 20:58

Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы: Баетовдо композитордун музыкалары жаңырды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 9-октябрда Баетов айылындагы Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, мектеп директору Венера Артыкбаева, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө аталган мектептин окуучулары жана мугалимдери фортепиано, аккордеон, чопо чоор жана башка музыкалык аспаптардын коштоосунда композитордун бардык музыкалары жаңырып, ырлары аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×