Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 09:15

Коңорчоктогу элдин үнү жана негизги көйгөйлөр. Сүрөт

Turmush -  Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургундары менен аким Сейтек Кулубаев жолугушуп, бир катар көйгөйлөрдү уккандыгын аймактык кабарчы билдирди.

25-октябрда район жетекчиси С.Кулубаев Коңорчок айылында айыл өкмөттүн аткарган иштери туурасында маалымат угуу, бир катар объектилер менен таанышуу жана эл менен жолугушуу максатында иш сапары менен болду. Ага айрым тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө алгач мектеп, бала бакча, айылдык оорукана, кичи ишканалардын ишмердүүлүгү жана кыш мезгилине карата даярдыктар менен таанышып чыкты. Андан соң көп балалуу Жыпара Сапарбек кызынын үйүнө баш багып, жардам иретинде 1 тонна көмүр түшүртүп берерин убада кылды. Ошондой эле айылдагы улгайган апалардын абалын сурап чыккан. Мындан тышкары Нурдин Баев атындагы айылдык клубда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда айыл өкмөт башчысы Арстанбек Акиев акыркы 10 айда аткарылган иштер, алдыга коюлган иш пландар туурасында баяндама жасап, аны менен бирге бир катар көйгөйлөрдү дагы санап өттү. Айыл өкмөттүн маалыматынан соң жарыш сөзгө чыккан тургундар айылда дарыкананын жоктугунан кыйынчылык жаралып жатканын, жер маселеси чечилбегендиктен көптөгөн жаш үй-бүлөлөр турак жай курууга жер тилкелерин ала албай жүрүшкөнүн, бала бакчанын имараты тар болгондуктан көпчүлүк балдарын бала бакчага бере албай жатышканын жана ошондой эле Коңорчок суусу айылга коркунуч жаратып, каптап кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты.

С.Кулубаев айтылган маселелер боюнча атайын иш план түзүп, тиешелүү жактарга айыл өкмөтү менен бирге барып, чечүүнүн жолдорун издей турганын убадалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×