Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 09:27

Коңорчокту аралап аккан суу айылга коркунуч жаратууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылын аралап агып өткөн Коңорчок суусу айылга коркунуч жаратып жатат. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

Айыл өкмөт башчысы Арстанбек Акиевдин айтымында, аталган айылдын ортосунан агып өткөн Коңорчок суусу жаан-чачын учурунда жана жаз мезгилинде катуу кирген суудан улам айылга коркунуч жаратып, айрым учурда каптап кетет.

«Суу көп келгенде сайдын ичи кум, шагылга толуп калат. Андан кийин суу сайдан ашып, айылды каптап кетет. Айылга коркунуч жаратпашы үчүн жээктерин габион торго толтурулган таш менен бекемдегенбиз. Ага деле болгон жок. Габион тор деле көрүнбөй калды. Анткени сайдын ичи толуп калды. Жээк эрозиясын токтотуу максатында 3 жылдан бери тиешелүү жактарга кайрылып жатабыз. Жыйынтык жок. 600-700 метр аралыгына бетон куюп бекемдесек жакшы болот эле», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×