Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 17:43

Ак-Талаада Баткен окуясынын катышуучулары сыйланып, БТР орнотулду. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Баткен окуясынын аяктаганынын 20 жылдыгына карата Баткен окуясынын катышуучулары сыйланып, БТР техникасы орнотулганын аймактык кабарчы билдирди.

26-октябрда бир катар ардагерлер сыйланышты. Ошондой эле «Ардагерлер» атындагы сейил бакка Афган согушунун жана Баткен окуясынын катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтин жанына согуштук БТР техникасы орнотулуп, ачылыш аземи белгиленди.

Иш-чарага район акими Сейтек Кулубаев, айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков, ардагер, генерал-майор Мелис Бекбоев, райондук аскер комиссариатынын комиссарынын орун басары, улук лейтенант Талант Скандарбеков, Нарын облусундагы Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркинбек Шамуратов, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев, Афган согушунун ардагерлер кеңешинин райондогу төрагасы Жаныбек Маметов, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков, район имамы Жаныбек Жээнбеков, Афган согушу менен Баткен окуясынын ардагерлери, ошондой эле мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө согуштук БТР техникасынын кызыл тасмасы кесилип, курман болгон жоокерлерге куран окулуп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Андан соң Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен:

- Баткен окуясынын ардагери Нурбек Эсенгулов.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы менен:

- Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы, Баткен окуясынын катышуучусу Эрмек Айыпов ардак грамота;
- Баткен окуясынын ардагери Абакир Жолочиев ыраазычылык кат менен сыйланды.

Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин сыйлыгы менен:

- Муса Өмүрназаров ардак грамота;
- Жылдызбек Кудайбергенов ардак грамота;
- Курулушчу Сыймык Райкан уулу ардак грамота;
- Курулушчу Урмат Жумалиев ыраазычылык кат;
- Курулушчу Жылдызбек Карасартов ыраазычылык кат;
- Айыл тургуну Калыбек Абдрахманов ыраазычылык кат менен сыйланды.

Баткен окуясынын Нарын облусундагы ардагерлер кеңешинин сыйлыгы менен:

- Баткен окуясынын ардагери Руслан Алыкеев ардак грамота;
- Баткен окуясынын ардагери Максатбек Нурманбетов ардак грамота;
- Баткен окуясынын ардагери Рысбек Элеманов «Күжүрмөндүк» медалы,
- Баткен окуясынын ардагери Съездбек Райымов «Күжүрмөндүк» медалы менен сыйланды.

Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын ардак грамотасы менен:

- Нурбек Жаңгараев;
- Туратбек Чырмыев;
- Баалуу белек менен Кундуз Абдиева сыйланды.

Андан сырткары райондук казына бөлүмүнүн, Ак-Чий, Кызыл-Белес, Тоголок Молдо, Терек айыл өкмөтү жана райондук электр тармагы ишканасынын баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен Баткен окуясынын айрым катышуучулары сыйланышты.

Ак-Талаа райондук ардагерлер кеңешинин сыйлыгы менен:

- Токтогон Сатыбалдиев ардак грамота;
- Асылбек Мамыткожоев ардак грамота;
- Калыбек Кызалаков ардак грамота менен сыйланышты жана ар бир катышуучуга баалуу белектер тапшырылды.

КРдин Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин медалы менен:

- Кылычбек Сулайманов, «Эрдик» медаль;
- Абакир Жолочиев, «Эрдик» медаль;
- Алтынбек Асанакунов, «Эрдик» медаль.

Андан сырткары, БТР техникасын алууга салым кошкон Жылдызбек Кудайбергеновго, курулуш иштерин аткарган Сыймык Райкан уулу баштаган курулушчуларга, айыл өкмөт башчысы Талант Турусбековго жана айылдык кеңештин депутаттарына ыраазычылыктар айтылды.

Баткен окуясына Ак-Талаа районунан жалпы 45 жигит аттанып, бири каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×