Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 10:14

Айыл турмушу: Үч адамды жумуш менен камсыз кылган М.Таалайбековдун бизнеси

Turmush -  Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын 27 жаштагы тургуну Молдоакмат Таалайбеков бетон шакекчелерди куюп жана пескоблок өндүрүп жатат. Үч адамды жумуш менен камсыздап, айылдын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан М.Таалайбеков бул иш менен эки жылдан бери алектенүүдө.

«Ишти баштаганыма 2 жылдын жүзү болду. Өзүмдөн сырткары 3 жигит иштейт. Аларга күнүнө 700 сомдон эмгек акы төлөп берем. Бир күндө бир даана шакек куябыз. Анткени бир гана калып бар. Бир шакекке 2 мүшөк цемент коройт. Шагылын Ала-Буга сайынан алып келем. Буйрутма аркылуу куябыз. Бир даана шакек 1800 сомдон, ал эми үстүңкү бөлүгү 1400 сомдон. Булар таза сууга кудук жасоо үчүн колдонулат.

Андан сырткары пескоблок чыгара турчу жабдык алып келип, пескоблок өндүрүп жатабыз. Кудайга шүгүр, бул жагы Кара-Бүргөн, тигил жагы Кош-Дөбө айылынан бери келип алып кетишет. Азыр күн сууктап кеткенге байланыштуу жумушту токтоттук», - деди жаш активист М.Таалайбеков.

Андан сырткары кыш мезгилинде өз короосуна муз аянтчасын жасап, айылдагы жаштардын, балдардын кышкы эс алуусуна шарт түзүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×