Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 18:26

Ак-Талаада кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун 2 түрү боюнча «Шерине» мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталганын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу билдирди.

26-октябрда мекеме-ишканада иштеген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана таяк тартыш түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш райондун спорт инструктору тарабынан колго алынып, кезеги келген Терек айылынын Калый Молдобасанов жана «Тереке-Береке» бала бакчасы тарабынан каржыланган.

Волейбол боюнча 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби ээлеп, өтмөк кубокко ээ болсо, 2-орунду «Тынчтык» бала бакчасы, 3-орунду райондук оорукананын командасы камсыздап, баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле таяк тартышта күч сынашкан кыз-келиндер арасында 1-орунду Гүлжаз Капарбекова, 2-орунду Чолпонай Мамбеткадырова жана 3-орунду Мээрим Кармышбек кызы камсыздап, баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×