Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 28.10.2019 23:09

Коңорчоктогу тар бала бакчанын эскилиги көйгөй жаратууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы «Кубан бөбөк» бала бакчасынын имараты кеңейтүүгө жана оңдоого муктаж. Бул тууралуу бала бакчанын башчысы Толкун Жээнбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган бала бакчанын имараты медициналык пункт үчүн 1965-жылы ашар жолу менен курулган.

«2009-жылы мурунку өрттөнүп кеткен мектептин ордуна Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу бала бакча курулган. Бирок бала бакча тар болуп курулуп калгандыктан ал имарат фельдшердик-акушердик пунк катары пайдаланууга берилип, ал эми бала бакча үчүн ФАПтын имараты берилген. Ал имарат деле кичирээк болчу. Ошондуктан ашкана жана дагы 2 бөлмө уланган. Кыскасы бөлмөлөр улана берип, эми ошол уланган жерлеринен кайра жарака кетип жатат. Үстүңкү чатырчасы эски болгондуктан жаан-чачын учурунда тамчы тамат. Тамчы тамбасын деп үстүнө линолеум менен жаап койгонбуз. Аянты дагы абдан тар болгондуктан бүгүнкү күндө жаңы даараткана курууга жер жок. Дааратканабыз дагы толуп, кулап калуу коркунучунда.

Имараттын чатырын алмаштырууга социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эмгекке жайгаштыруу бөлүмүнө долбоор жазып, утуп алганбыз. Анын негизинде 97 миң сом каражат каралган. Тендер болуп, жеке ишкер утуп алган эле. Бирок азыркы күнгө чейин курулуш иштери башталбай турат», - деди Т.Жээнбаева.

Бала бакчада 2 тайпада жалпы 40 бала тарбияланып жатса, кезекте дагы 50дөн ашык бала турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×