Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 12:01

Ак-Талаанын Көк-Жар айылында 2,8 млн сомго эки спорттук жай курулуп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылында кичи футбол аянтчасы курулуп жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 800 миң сомго кичи футбол аянты жана машыгуу залы курулуп жатат. Бул каражаттын ичинен 460 миң сому өздүк салым катары берилген.

«Жаштарды бош убактысын туура колдонууга чакыруу, сергек жашоого үндөө, спортчуларды даярдоо жана спорттук мелдештерди өткөрүп туруу максатында дем берүүчү грантка сунуштаган долбоорубуз жактырылып, анын негизинде 24 сотых жер тилкесине футбол аянтча жана 24 сотых жерге машыгуу залы 2 млн 800 миң сомго курулуп жатат. Кудай буюрса курулуш иштери дээрлик бүтүп калды. Жакында ачылыш аземин кылып, пайдаланууга беребиз», - деди айыл өкмөт башчысы Ильич Иманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×