Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 12:34

Ак-Талаадагы эки айылды бириктирген көпүрө кеңейтилип жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарынын ортосундагы, тактап айтканда Коргон-Сай өзөнүндөгү көпүрөнү куруу иштери жүрүп жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Актал-Чат—Казарман унаа жолунун 20-5-чакырымындагы Коргон-Сай суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнү кеңейтүү иштери 2017-жылы башталган. Райадминистрациядан алынган маалымат боюнча, көпүрөнү кеңейтүү үчүн курулуш иштеринин тендердик наркы 13 млн сомду түзгөн. 2017-жылы 1 млн 744 миң сомдун жумушу аткарылса, 2018-жылы 5 млн 80 миң сомдук иштер аткарылган. Курулуш иштери башталгандан бери 7 млн сомдук иш жасалган.

«Ак-Кыя айыл аймагы Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарынан турат. Эки айылдын аралыгы 1 чакырым. Ортосунан Коргон-Сай суусу агат. Ушул сууда унаалар өтүүчү тар көпүрө бар. Мектеп, бала бакча жана башка айылдагы мекемелер берки өйүздөгү Ак-Кыя айылында жайгашкандыктан Көк-Жар айылынын тургундары Ак-Кыя айылына тынымсыз катташат. Бирок көпүрө тар, ал тургай жөө адамдар өтүүчү жол да жок. Көпүрөдөн кулап кеткен автоунаалар дагы болгон. Ошондон улам көпүрөнү кеңейтүү иштери башталган болчу. Азыр көпүрөнү кеңейтүү жана бир тарабына жөө жүргүнчүлөрдүн жолу курулуп жатат», - деди айыл өкмөт башчысы Ильич Иманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×