Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 13:16

Жаңы-Талаптагы маданият үйү оңдоого муктаж

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Ыбрайым уулу Турсунбек атындагы маданият үйүнүн имараты оңдоп-түздөөгө муктаж экенин жергиликтүү тургундар билдирди.

Бул имарат 1960-жылдары курулган. Имараттын чатыры эски болгондуктан үстүнөн тамчы агат. Ошондой эле ичинде жылуулук системасы жок болгондуктан кыш мезгилинде маданий иш-чаралар өтпөйт.

«Клуб 1960-жылдары курулган. Ичинде жылуулук системасы жок. Чатырынан тамчы тамат. Имараттын алды шыбалып кооздолгону менен арты айласыз абалда. Айланасын тосуш керек. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттен бир аз каражат каралат. Ага айрым жерлерин оңдоого аракет кылабыз. Быйылкы жылы 47 миң сом бөлүнгөн. Ага ички полдорун оңдодук», - деди клуб башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×