Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 13:39

Ак-Кыядагы окуучулар айыл өкмөттө окуп, чиновниктер дарыканада иштеп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында Асанаалы Абдраимов атындагы мектептин окуучулары айыл өкмөттүн имаратында жана ашар жолу менен курулган мектептин бир имаратында окуп жатышканын аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин авариялык абалдагы мектептин окуучулары бир нече ай бою чатырда жана айылдагы имараттарда окуп келишкен. 2017-жылы мамлекеттен 85 млн сом каралып, 64 млн 480 миң сомго тендер жарыяланып, 275 орундуу мектептин курулуш иштери башталган. Мектеп 2018-жылы пайдаланууга берилмек. Бирок каражат толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш иштери токтоп калган. Учурда мектеп окуучулары айыл өкмөттүн имаратында жана эски мектептин бир имаратында билим алып жатышат. Ал эми айыл өкмөттүн эмгек жамааты дарыкананын имаратында иш алып барууда.

«Мектептин курулушунун башталганы жакшы болду. Бирок курулуш иштери бүтпөй, кыйынчылык жаратууда. Курулуш башталгандан бери 35 млн сомдун жумушу аткарылды. Көмүр кампасы менен отканасы курулуп бүткөн. Тактап айтканда курулуштун 40 пайызы бүткөрүлдү», - деди айыл өкмөт башчысы Ильич Иманалиев.

Аталган мектеп Социалисттик эмгектин баатыры Асанаалы Абдраимовдун ысымын алып жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×