Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 14:08

Ак-Кыядагы 64 жаштагы Г.Сеймакунова чатыры жок үйдө жашап жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Көк-Жар айылынын 64 жаштагы тургуну, жалгыз бой Гүлзуура Сеймакунованын үйүнүн чатырын шамал учуруп кеткен.

Кечээ, 29-октябрда район акими Сейтек Кулубаев аталган айылга иш сапары менен барып, улгайган адамдардын жашоосу менен таанышып жүргөн учурда чатыры жок үйдө жашап жаткан Гүлзуура Сеймакунованын абалын көрдү.

Айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Назира Чыкын кызы үйүнүн үстүн шамал учуруп кеткенине аз убакыт болгонун, чатыр жаап берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, буга чейин дагы бир жалгыз бой эненин үйүнүн чатырын жабууга бюджеттен каражат беришкенин билдирди. Гүлзуура апа 4 миң сом пенсия аларын, жыл сайын айыл өкмөттөн 1 тонна көмүр берилип, жээн небереси келип жардамдашып турарын айтты. Ал эми райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мамбетказиев Г.Сеймакунованын үйүнүн чатырын шамал учуруп кеткени боюнча маалыматы бар экенин, кайра калыбына келтирүү үчүн демөөрчү издеп жана башка аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Район акими С.Кулубаев Гүлзуура апанын үйүнүн чатырын кыш келип, күн сууктап кеткенге чейин тездетип жаап берүүнү айыл өкмөт башчысына жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисине тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×