Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.10.2019 14:44

Ак-кыялыктар «армандарын» акимге айтышты

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын жергиликтүү жашоочулары бир катар көйгөйлөрүн айтып, район бийлигине кайрылышты.

Кечээ, 29-октябрда район акими Сейтек Кулубаев айыл өкмөтүнүн 10 айда аткарган иштеринин маалыматын алуу, кыш мезгилине карата даярдыктар менен таанышуу жана жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу үчүн бир катар райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аталган айылда иш сапар менен болду.

Иш сапардын жүрүшүндө улгайган адамдардын жашоосунан кабар алып, айылдык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан соң айылдык маданият үйүндө жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, анда айыл өкмөт башчысы Ильич Иманалиев аткарылган иштер, алдыга койгон пландар жана бир катар көйгөйлөр туурасында маалымат берди. Ал эми жарыш сөзгө чыккан жашоочулар Ак-Тал-Чат — Ак-Кыя —Казарман унаа жолунун начардыгын, ага асфальт басуу зарылдыгын, Асанаалы Абдраимов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушун эртелетүү, жаз мезгилинде дыйкандарды арзан күйүүчү май жана тектүү үрөндөр менен камсыздоо керектигин, айылдагы таза суунун акысы убагында чогулбастыгын айтып өтүштү.

Ошондой эле айылдагы Бекиш ата, Бактыгул жана Шабидин ата көчөсүнө электр мамылар айыл өкмөтү тарабынан орнотулганын, бирок электр чубалгылары талапка ылайык келбегендиктен райондук электр тармагы ишканасына кайрылып, ушул кезге чейин электр чубалгылары тартылбай, кооптуу абал жаралып жатканын билдирип өтүштү.

Район жетекчилиги тарабынан тиешелүү мекеме-ишканаларга көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди. Мындан сырткары жыйынга катышкан райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери өз тармактары боюнча элге маалымат беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×