Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 16:38

Таза суусу тартыш кызыл-белестиктер жаан жааганда ылай суу ичүүгө аргасыз (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында таза суу тартыш болуп, тургундарга кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу жашоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.

Кечээ, 30-октябрь күнү райондун акими Сейтек Кулубаев аталган айылга иш сапары менен барган. Анын жүрүшүндө жашоочулар таза суу көйгөйүн көтөрүштү.

Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн адиси Калыбек Абдиевдин айтымында, айылдагы таза суу түтүктөрү 1970-жылы курулган.

«2004-жылы таза суу системасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бирок курулуш иштери сапатсыз жасалган. Жердин алдындагы эски таза суу түтүктөрүнүн ичине желим түтүкчүлөрдү орнотуп коюшкан. Ошондуктан желим түтүкчөлөр 1 жылдан кийин эле жарактан чыккан. Айылда жалпысынан 36 суу колонкасы курулган. Анын баарынан суу чыкпай калгандыктан, 2005-жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен 10 суу колонкасын ишке киргизгенбиз. Айылдын узундугу 4 километрди түзөт. Бирок 10 гана суу колонкасы иштейт. Таза суу тартыш. Өзгөчө жаз мезгилинде жана жаан-чачын көп жааган учурда жердин үстүндөгү ылай суу эски түтүктөргө кирип, кайра суу колонкаларынан чыгып, тургундар ылай сууну ичүүгө аргасыз болушат. Бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылсак, суу түтүктөрү 2004-жылы эле ондоодон өткөрүлгөн деп жардам берилбейт. Донордук уюмдарга долбоор жазып жатабыз», - деди К.Абдиев.

Кызыл-Белес айылында 338 түтүн, тактап айтканда 1480 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×