Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.11.2019 08:13

Ак-талаалык окуучулар дубалы тирелген мектепте окууга аргасыз (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы орто мектептин имараты авариялык абалда турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектептин имараты 1968-жылы курулган. Ошол кезден бери имарат бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө айыл тургундары жаңы мектепке муктаж.

Кечээ, 12-ноябрь күнү райондун акими Сейтек Кулубаев аталган мектептин абалы менен таанышкан. Аны менен жолугушкан айыл өкмөт башчынын айтымында, мектептин дубалдарында жаракалар бар.

«Чатырынан тамчы тамат. Түштүк-батыш тарабындагы дубалы ооп калгандыктан аны тирөөч менен тиреткенбиз. Жаңы имарат салууга долбоор даярдаганбыз. Жер маселеси чечилген. Документтери даярдалып, учурда долбоор облустук капиталдык курулуш башкармалыгында турат. Каржы маселеси чечиле элек. Качан кулап калат деп кудайлап отурабыз», - деди айыл өкмөт башчы Эркинбек Сатаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×