Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.11.2019 09:28

«Окуучу кыз жана бир киши каза болгон»: Ак-талдыктар борбордук көчөгө тротуар курулбаганына нааразы

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын борбордук көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү жол (тротуар) курулбай жатканына жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Ак-Тал айылынан Нарын—Баетов—Макмал унаа жолу өтөт. Айылдын борбордук көчөсүнө мындан 5 жыл мурун асфальт төшөлгөн. Көчөнүн жалпы узундугу 3,5-4 чакырым аралыкты түзөт.

«Көчөбүздө жөө адамдар өтүүчү жол жок болгондуктан жергиликтүү тургундар азабын тартып эле келе жатабыз. Буга чейин 3-4 адамды унаа сүзүп кеткен. Көчө жээгине жөө адамдар өтүүчү жол жасатып бербесеңер болбойт», - дейт жергиликтүү тургундар.

Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров аракеттер жакшы эле көрүлгөндүгүн билдирди.

«1980-жылдары жол жээгинде тротуар болгон. Кийин союз тарап кеткенде ал жердеги жашоочулар тротуардан бери бакча катары тосуп алышкан. 2017-жылы айыл өкмөт башчысы болуп келгенде эң биринчи ишти ушундан баштаганбыз. Айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, архитекторлорду алып келип, мыйзам чегинде кызыл чектерди ченеп, жергиликтүү тургундар тосуп алган тротуарды бошотконбуз. Ал стандартка ылайык жасалышы керек экен. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп жасайлык десек, биринчиден бюджет жетишпейт. Экинчиден, бул жол айыл өкмөттүн эмес Транспорт жана жол министрлигине карайт экен. Биздин жергиликтүү бюджет менен жасоого мыйзам жол бербейт. Жолду жасатыш үчүн Ак-Талаа райондук №15 жана облусттук №8 жол тейлөө ишканасына кайрылуу жасаганбыз. Алар, "каражат жок, болгондо жасайбыз" деп жооп берип коюшкан», - деди Э.Сатаров.

Анын айтымында, тротуардын жоктугунан 2017-жылы окуучу кыз жана кийин дагы бир адам жол кырсыкка кабылып каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×