Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.11.2019 12:21

Ак-талаалыктар район тууралуу китеп чыгарышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Өз айылын өзгөрткөн эл» аттуу жаңы китептин бет ачары болгонун аймактык кабарчы билдирди.

Аталган китепте 1986-1992-жылдар аралыгындагы райондун тарыхы камтылган. Ал эл тарабынан жазылып чыккан. Анын бет ачары райондук маданият үйүндө болуп, 1986-1992-жылдарды эскерүү боюнча макала жазуу сынагынын жыйынтыгы да чыкты. Ага ошол жылдары район акими болуп иштеп турган Д.Берикбаев, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1986-1992-жылдары район борбору Баетов айылынын өсүп-өнүгүшүнө көрүлгөн аракеттер, ага салым кошкон инсандар, алардын ишмердүүлүгү эскерилди. Ак-талаалык Жайлообай Абдиев ушул мезгилдеги өсүп-өнүгүүсүнө, мекеме-ишкана жетекчилеринин аракеттерине токтолуп, элге пикетке чыкпай, китеп окуйлу деген билдирүүсүн жасады.

1986-1992-жылдарды эскерүү боюнча макала жазуу сынагынын калыстар курамынын мүчөсү Замирбек Иманкалиев китеп боюнча буларга токтолду.

«Бул китепте 1986-жылга чейин райондун борбору Баетов айылынын ички көрүнүшү, элди тейлөөнүн жана элге кызмат кылуунун ахыбалы баяндалган. Ошондой эле 1986-1992-жылдар аралыгындагы Баетов айылындагы кескин өзгөрүүлөр, ошол учурдагы район жетекчисинин ишмердүүлүгү, райондук мекеме-ишканада иштеген жумушчулардын жана жергиликтүү жашоочулардын күчү менен айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, элге, жашоого ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жасалган иштер тууралуу эскерүүлөр баяндалган. Ошол мезгилде иштеген жумушчулар, коомдук ишмерлер тарабынан жалпы 120 эскерүү макала китепке камтылган. Эскерүүлөр журналист Шахназар Жанболтов менен тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов тарабынан топтолду. Андан сырткары, эң мыкты жазылган макалалар боюнча сынак уюштурганбыз», - деди З.Иманкалиев.

Макала жазуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду ээлеген Уулбек Татыбекова, 10 миң сом;

- 2-орунду ээлегендер 7 миң сомдон байге алышты.

Алар:

- Жайлообай Абдиев;
- Калмак Саалиев;
- Айна Осмонова;
- Жеңиш Мураталиева.

- 3-орунду камсыздагандарга 5 миң сомдон берилди.

Алар:

- Эрмек Абышбаев;
- Калыбек Бектурганов;
- Уулкан Жээнбекова;
- Жаныбек Кырбашов;
- Мукан Сыдыков;
- Сагынбай Оруналиев.

Андан сырткары 12 адам кызыктыруучу сыйлык жана 1 миң сомдон сыйлыкка ээ болушту. Сынактын байгеси 80 миң сомду түздү. Китеп 600 нускада чыгып, тургундарга бекер берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×