Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.11.2019 22:00

Ак-Талаада жаш активисттер сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата бир катар активисттерге сыйлыктар тапшырылгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 19-ноябрда өткөн иш-чарада жаштарды район акими Сейтек Кулубаев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун барасы Аманбек Аалиев, жаштар уюмунун төрагасы Токтосанат Сапарбеков жана райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен Жаныбек Асылбеков, ыраазычылык каты менен Асейин Бектурганов, Кубат Бообеков сыйланышса, ал эми Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ардак грамотасы менен Талант Рысбаев, ыраазычылык каты менен Элмира Токтогулова, Уланбек Рыспаев, ошондой эле Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен Гүлжаз Капарбекова, ыраазычылык каты менен Асан уулу Нурсултан жана Догдурбек уулу Улан сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×