Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.11.2019 17:38

Ак-Талаада маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, бир катар кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 19-ноябрда райондук маданият кесип ээлерине район акими Сейтек Кулубаев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова, Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Съездбек Мыктыбеков, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аманбек Аалиев, тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова куттуктоосун жолдоду. Салтанаттын жүрүшүндө кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы менен:

- райондук маданият үйүнүн музыканты Илимбек Жумакадыров сыйланды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен:

- Жаңы-Тилек айылдык клубунун башчысы Жээнбү Сапанова;
- Кош-Дөбө айылдык китепканасынын башчысы Гүлбарчын Самибаева;
- Райондук тарых музейинин техникалык кызматкери Гүлүмкан Нуралиева сыйланды.

Райондук маданият бөлүмүнүн ардак грамотасы менен:

- Терек айылдык клубунун башчысы Жолдошбек Айдаралиев;
- Баетов айылдык клубунун башчысы Назгүл Абышбаева;
- Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн кызматкери Байсогур Акматов;
- Райондук тарых музейинин кызматкери Жумагул Боколов;
- Райондук маданият үйүнүн ырчысы Кайкеева Гүлай;
- Нурак Абдрахманов атындагы музыкалык мектептин мугалими Гүлнара Исаева сыйланды.

Баалуу белектер менен:

- Turmush басылмасынын кабарчысы Адилет Сагыналы уулу;
- Райондук гезиттин кабарчысы Шахназар Жанболотов;
- «Асылзат» шайыр апалар тобунун жетекчиси Букен Турдубекова;
- «Ак Мөөрдүн сиңдилери» элдик ансамблинин ырчысы Нурайым Исаева сыйланды.

Нарын облустук Сагымбай Орозбаков атындагы маалыматтык китепкананын ардак грамотасы менен:

- райондук Нуркул Кулназаров атындагы китепкананын директору Гүлжаз Сулайманова сыйланды.

Терек айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты менен:

- райондук маданият бөлүмүнүн эмгек жамааты;
- райондук балдар билим берүү борборунун эмгек жамааты сыйланды.

Баетов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин ардак грамотасы менен:

- райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаева;
- Н.Кулназаров атындагы райондук китепкананын китепканачысы Нургүл Соодонбекова сыйланды.

Маданият тармагынын кесиптик бирлигинин сыйлыгы менен:

- Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими Нурайым Исаева, эмгек ардагери күбөлүгү;
- райондук китепкананын кесиптик бирлигинин төрайымы Айзада Абдразакова, ардак грамота жана 500 сом;
- китепкананын ардагери Зоя Молдокунова, куттуктоо каты;
- китепканын ардагери Айтбүбү Омолдошева, куттуктоо каты;
- маданияттын ардагери Акчайым Абдрахманова, куттуктоо каты.

Балдар билим берүү борборунун Нарын облустук кесиптик бирлигинин ардак грамотасы менен:

- райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гүлжан Турдумамбетова сыйланды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыгы менен:

- Терек айылдык китепканасынын башчысы Жанат Мыктыбекова, ардак грамота;
- мадания үйүнүн директору Курманжан Тиленбаева, ыраазычылык кат;
- маданият үйүнүн эмгек жамааты, куттуктоо каты.

«Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» наамы менен:

- Айнагүл Мүсүралиева сыйланды.

Райондук аялдар кеңешинин белектери менен:

- Курманжан Тиленбаева;
- Гүлзада Адиева;
- Бекжан Карасартов сыйланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият үйүнүн өнөрпоздору, «Асылзат» жана «Шайыр апалар» топтору тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×