Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.12.2019 13:21

Ак-Талаада жаңы түптөлө турган Ак-Тилек айылында таунхаустар курулабы? Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдары биригип, Ак-Тилек деп аталган жаңы айыл түптөлөт.

Маалым болгондой, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдары жайгашкан аймакта эл жашаганга болбойт деген чечим чыгарылган. Мындан улам эки айылдын элин коопсуз аймакка көчүрүү чечими кабыл алынып, коопсуз аймак катары Кара-Коо чөлкөмү тандалып алынган. Чөлкөмдөн 147 гектар жер каралган.

«Ошол 147 гектарга жаңы Ак-Тилек айылы түптөлмөк. Айылдын башкы планы түзүлүп, тийиштүү документтери бүткөрүлгөн. Бирок трансформациялоо маселеси чечилбей, карапайым эл турак жай кура алышпай же кулаганы калган турак үйүн оңдой албай кыйналууда. Айылга имараттарды курууга болбойт. Кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыра алышпайт. Турак жайын күрөөгө коюп, насыя алууга да болбойт. Учурда бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашап, баш калкалап келишет. Эки айылда 132 түтүн болсо, дагы турак жай курууга кезекте турган 276 адам бар», - деди тургундар.

29-ноябрда жаңы айылды түптөө боюнча Ак-Чий айылында элдик жыйын өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, өкмөттүн өкүлү Алмаз Жээналиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, район акими Сейтек Кулубаев, айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов, жергиликтү тургундар, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов жаңы түптөлө турчу Ак-Тилек айылы туурасында баяндама жасады.

«Ак-Тилек айылын түптөө үчүн Кара-Коо чөлкөмүнөн 147 гектар жер бөлүнүп берилди. Жаңы айылдын башкы планы түзүлгөн. 2020-жылдын жаз айларынан баштап турак жай курууга жер тилкелери бериле баштайт. Бул айылда башкы план боюнча жалпы 432 кожолукка заманбап үлгүдөгү 71 таунхаус, 2-3 кабаттуу 34 үй, 270 орундуу 2 мектеп, 1 мечит, 4 бала бакча жана башка ушул сыяктуу объектилер курулмакчы», - деди айыл өкмөт башчысы.

Ал эми депутат Дастан Бекешов: «Жаңы айылды түптөө процедуралары татаал экен. Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпович мага күн сайын телефон чалчу. Биз ушул мезгилге чейин Юстиция министрлигине канча жолу киргиздик. Ал тургай айрым министрликтер документтерди 5 жолу артка кайтарган. Мен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кирип, түшүндүрүп айткам. Биз жолукканда өзүнүн өкүлү Алмаз Жээналиевге "жардам берип кой" деп тапшырма берген. А.Жээналиев министрликтерге байланышып, ишти тездетип берген. Жогоруда айтылган курулуш иштери келечекте башталат. Токтомго кечээ эле кол коюлду. Бюджетте каражат тартыш. Бир аз убакыт керек», - деди.

Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов: «Ал эми Ак-Тилектин түшүндүрмөсүн айтсак: Ак-Чий айылынын "ак" деген сөзүн жана Жаңы-Тилек айылынын "тилек" деген сөзүн кошуп, Ак-Тилек деген аталыш келип чыкты», - деди.

Жыйында жаңы айылдын техникалык паспорту район акимине тапшырылды.

Тема боюнча: «Айылды агызып кетмек»: Ак-Чийде селден улам унаа жол бузулуп, дамбадан суу ашты

Жети жылдан бери сел жүргөн Ак-Чийдеги эл коопсуз аймакка көчүрүлө элек (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×