Turmush — «Дөрбөлжүн» борбордук аянты мындан 28 жыл мурда, тактап айтканда 1992-жылы майда Ак-Талаа районунун Баетов айылында жалпы тургундарга жана меймандарга ыңгайлуу шарт түзүү, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү жана соода-сатыкты иреттештирүү максатында райондун ошол кездеги акими Дөөлөтбек Берикбаевдин демилгеси менен курулуп баштаган. Үч айда же август айында аянттын курулушу толук бүткөрүлгөн. Бир кварталды ээлеген эски дүкөндөр талкаланып, ордуна райондун ички мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен эки чоң соода комплекси, ортодо чоң сахна, кафе, 10 соода павильон, тротуар, гүл бакча аянттары, суу өткөрүүчү типтүү арыктар курулган. 7 миң чарчы метрден ашык аянтка асфальт төшөлүп, эски көчөнүн ордуна кеңири борбордук «Дөрбөлжүн» аянты пайда болуп, жалпы эл оозунда «Кызыл аянт» деп аталып жүргөн эле.
«Дөрбөлжүн» аянтынын оңдоого чейинки көрүнүшү
Көп жылдан бери эл үчүн курулган аянт көзөмөлгө алынбай, чакчелекей орнотулган контейнер,темир күркөлөргө толуп, ачык жерде жайма соода жүргүзүлүп, акыр-чикир алынбай, оор жүк тарткан фура унаалары төшөлгөн асфальт, курулган тротуар, типтүү бетон арыктарды, гүл бакчаларды талкалап, аянттын ташы талканга айлана баштаган эле.
Жаңы аким Сейтек Кулубаевдин демилгеси менен үстүбүздөгү жылы аянт толук капиталдык оңдоодон өтүп, кайра жаңыртылып, тургундардын маанайы көтөрүлүп турган кези.
Акимдин атайын кайрылуусунан улам кыргыз ээлине таанымал, учурунда ошол курулушту курдурган Дөөлөтбек Берикбаев жеке өзү 1 млн сомдон ашык каражат бөлүп, райондун демилгесин колдоого алды.
Республикада пандемияга каршы иштер жүрүп жаткан мезгилде бир жагынан алааматтын алдын тосуп, экинчиден жашоо улана берерин эске алган жергиликтүү бийлик Кыргыз Республикасынын президентинин «2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» жарлыгын жетекчилике алып, билек түрө айылды өнүктүрүүнү, оңдоп-түздөө жана жашылдандырууну колго бекем алды. Акимдин буйругуна ылайык акимчиликтин, райондук кызматтардын, айыл өкмөтүнүн жетекчилеринен түзүлгөн комиссия чечкиндүү кол кабыш кылышты. Натыйжада аксакалдын каражатына аянтта жайгашкан соода түйүндөрү бүтүндөй оңдолуп, түздөлүп, бузулган жерлер шыбалып, 2 миң чарчы метрден ашык дубалдар, жер төлөлөр кымбат баалуу боёктор менен боёлуп, 500 чарчы метр сапаттуу тротуар куюлуп, 200 метр бетондолгон типтүү арык курулуп, гүл бакчаларга бөлүнгөн аянтчалар бетондолуп тосулуп, сапаттуу жасалган темир тосмолор менен жаңы тигилген арчалар, газон чөптөрү тосулуп, аянттын ажары ачылып, алааматтан жеңилдеген элге майрамдык маанай тартуулады. Улуу-кичүү бала-чакасын жетелеп келип, көңүл көтөрүлгөн маанайда болуп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Мурда дүкөн ээлери оор жүк тарткан фураларын, чиркегичтерин жумалап токтотуп жүргөн аянт балдардын эркин велосипед минип, оюнчук унааларды айдап ойногон аянтына айланганы апаларды, өзгөчө балдарды кубандырып жаткан кез. Кечкурун балдары менен жаш үй-бүлөлөрдүн сейилдеп жүрүшү айыл үчүн чоң жаңылык болууда.
«Дөрбөлжүн» аянтынын оңдолгондон кийинки көрүнүшү
Аксакалдын жеңилин жерден алган айылдын жаш ишкери Мирбек Райымов келип, аянтка комуз композициясын орноткону ого бетер көрккө көрк кошту. Аянттагы ишкерлер жана жалпы тургундар үчүн беш бөлөк автоунаа токтотуучу жай уюштурулуп, баш аламан токтогон унаалардын кыймылы иреттештирилди. Ошентип ак-талаалыктар алааматка карабай, айылын оңдоп алышты.