Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 14.02.2014 14:21

Ак-Талаанын жергиликтүү депутаттары «Түндүк-Түштүк» жолунун бир бөлүгүн Ак-Талаа аймагы аркылуу алып өтүү маселесин көтөрүштү

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынына Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген жергиликтүү кеңештердин депутаттар тобу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жер алдынан чыккан суудан турак жайы жабыркаган жарандарга жардам кылуу маселелерин ортого салышты.

Ошондой эле, алар алтернативдүү «Түндүк-Түштүк» жолунун бир бөлүгүн Ак-Талаа аймагы аркылуу алып өтүү, дыйкандарга жеңилдетилген насыя каражаттарын кароо сындуу бир катар маселелерди айтышты.

Өз кезегинде ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, атайын алыстан келип, өздөрүнүн парламенттеги партиялаштары менен пикир алышып жатканы үчүн меймандарга ыраазычылык билдирип, аларды биримдиктүү болууга, калк көйгөйүн биргелешип чечүүгө чакырды.

«Силер жергиликтүү бийликтин өкүлүсүңөр, мамлекеттик бийликтин баардык бутактары менен такай байланышта болушуңар керек», - деди ал.

Төрага акталаалык депутаттар тобунун тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусун уюштуруу сунушун берди.

Тема боюнча: Ак-Талаа районунун депутаттары КСДП фракциясынын жыйынына катышты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×