Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 10.03.2014 11:47

Ак-Талаада өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу максатын көздөгөн сынак болуп өттү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан балдардын билим борборунда өспүрүмдөр арасында болуп жаткан кылмыштуулукка каршы кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу балдар билим борборунун мугалими Аскат Эрманкан уулу аймактык кабарчыга билдирген.

Өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу максаты менен уюштурулган «Кыз адеби кымбат» сынагында аталган мекеменин кызматкерлери топ-топко бөлүнүшүп ыр, бий, ашкана ажары, кол өнөрчүлүк сыяктуу тапшырмаларды аткарып беришти.

Калыстардын чечими менен жеңишке жетишкен топторго дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×