Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 13.03.2014 10:46

Ак-Талаа райондук Маданият бөлүмүнүн уюштуруу менен Т.Турсунбаеванын 70 жылдыгына карата сулуулар конкурсу башталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Маданият бөлүмүнүн уюштуруусу менен КР эл артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына карата «Ак Мөөр - 2014» аттуу жогорку класстагы мектеп окуучуларынын ортосунда сулуулар конкурсу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Конкурс Ак-Талаа райондук Маданият үйүнүн концерттик залында өткөрүлүп баштады жана 5 адам калыстык калууда.

Кароо-сынактын программасында саламдашуу, өнөр көрсөтүү, жаз мезгилинин кийимдерин көргөзүү, Т.Турсунбаеванын чыгармаларын сахналаштыруу жана калыстар тарабынан берилген тапшырманы аткарып берүү алкагында жүргүзүлүүдө.

Кароо-сынакка райондогу баардык айыл аймактарынын мектеп окуучулары катышууда жана жеңгендерге акчалай сыйлыктар, ар кандай номинациялар, Маданият бөлүмүнүн ардак грамоталары тапшырылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×