Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
БаракелдеАк-Талаа районуБишкек 13.03.2014 11:29

Ак-Талаа районунун жазгы айдап-себүү иштерине 8 млн сомго 200 тонна күйүүчү май алынып келинди

Turmush -  Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Черикбаевдин жана райондук айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Н.Керимкуловдун түздөн-түз киришүүсү, уюштуруулары менен районго 8 млн сомдук 200 тонна күйүүчү май алынып келди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо боюнча район жетекчиси жеке ишкер, буга чейин да элди мунайзаты менен камсыздап келген Т.Сооданбекова менен келишимдик негизде бир айга карызга алдырып келип жана каражаттын чогултуу туурасында кепилдикти өз мойнуна алган.

Азыркы тапта ар бир айыл өкмөттөрүнө күйүүчү майга каражат топтоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында айыл өкмөттөрүнө район жетекчиси тарабынан тапшырмалар берилип, кулактандыруулар илинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×