Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 13.03.2014 14:43

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү А.Кайыпов күнөскана иштетүүнү каалаган ишкерлерге үстөксүз 150-200 миң сомдон жардам берээрин айтты

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта КР өкмөтүнүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында, райондук администрациясында коомдук кабыл алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коомдук кабыл алууда, эл тарабынан күнөскана ачып жаткан ишкерлер кирип, каражат жагынан жардам сурашты.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл А.Кайыпов биринчи ишти баштоо үчүн канча каражат сарпталаарын эсептеп, сметаларын түзүп алып келсе, облустук өнүгүү фондунан бир жылга үстөксүз 150-200 миң сомдон жардам берээрин эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×