Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 22.03.2014 12:24

Ак-Талаа райондук УОС мекемесинин дыйкандарды сугат суулары менен камсыз кылууга техникалары даяр (фото)

Turmush -  Ак-Талаа райондук УОС мекемеси дыйкандарды сугат суулары менен камсыз кылууга техникалары даяр. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук УОС мекемеси техникаларды толук кароодон өткөрүшүп, стартка коюшту. Тизилген техникалар менен акимдин орун басары А.Сулайманов таанышып чыкты.

Райондо быйыл суу каналдарын, БСРлерди тазалоого, сугат сууларын чыгарууга толугу менен даяр экендигин, суу насостору да толук кароодон өткөрүлгөндүгүн райондук УОС мекемесинин башчысы Б.Үтүров билдирди. «Болгону Жаман-Даван суу бөлүштүрүүчү жайда муз жатат, бирок аны да эритүүгө аракеттер болууда. Быйыл сугат суулары мурунку жылдарга салыштырмалуу эрте берилет», - деди ал.

уос

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×