Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 27.03.2014 14:39

Ак-Талаа райондук гезити биринчи жолу түcтүү болуп чыгууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезити райондун тарыхында биринчи жолу түcтүү болуп чыгууда, деп маалымдайт гезиттин кабарчысы Адилет Сагынаалы уулу.

Анын айтымында, гезит жаңы жылдан тарта түстүү болуп чыга баштады жана гезит бетине сын макалалар да жарыяланууда.

Азыркы тапта гезитте 1 редактор, 2 кабарчы кызмат кылууда жана гезит редакцияда жасалып, «Учкун» басмаканасынан басылат, дейт А.Сагыналы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×