Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 27.03.2014 14:44

Ак-Талаа районунда кесипти туура тандоого багыт берүү боюнча окуучуларга семинар болуп өттү

Turmush -  Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы «Аристотель» маалымат борборунда «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси тарабынан «Кесипти туура тандоого багыт берүү» деген аталыштагы окуучулар арасында тренинг болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, тренингге К.Молдобасанов, Б.Мүсүралиева, Ш.Бейшеналиев, Э.Карасартов атындагы орто мектептеринин окуучулары жана М.Барашов атындагы №40 кесиптик лицейдин курсанттары катышты.

Иш-чарада окуучулардын ЖОЖдорго же башка бир окуу жайларга окуудан биринчи кесибиңди так аныктап алуусу, чет өлкөлөрдөгү жана Кыргызстандагы билим берүү системасынын айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү, ар бир кесиптин мааниси, маңызы туурасында түшүндүрүү, билдирүүлөр болду.

Тренингди Бишкек шаарынан атайын эки өкүл келип өткөрүп, окуучулардын кызыгуусун арттырды, деп кошумчалайт кабарчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×