Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 28.03.2014 18:26

Ак-Талаа районунда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыяланды

Turmush -  Ак-Талаа районунун аймагындагы калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын башчысы С.Черикбаев 2014-жылдын 1-апрелинен баштап, 31-майга чейин район аймагындагы баардык калктуу конуштарынын аймактарын тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыялады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда, көчөлөрдү тазалоо, турак жайлардын, имараттардын тышкы көрүнүштөрүн тартипке келтирүү, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу каражаттарын орнотуу, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу, муниципалдык жолдорду оңдоп-түзөө, көчөлөргө жол белгилерин орнотуу сыяктуу иштер камтылган.

Бул иш-чараны көзөмөлдөө жагы акимдин орун басары Д.Ысамамбетовага тапшырылган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×