Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 02.04.2014 15:29

Ат-Башынын бала бакчаларында 269 бала, Ак-Талаада 119 бала ашыкча тарбияланып жатканы маалым болду

Turmush -  КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө бүгүн, 2-апрелде райондордун акимдеринин орун басарлары жана аймактык ооруканалардын жетекчилеринин катышуусунда координациялык кещешме болуп өттү.

Анда Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун бала бакчаларынын санитардык, гигиеналык абалы боюнча жана Нарын облусундагы стационардык кызматынын абалы боюнча маселелер каралып, кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун иш абалы тууралуу каралды.

Координациялык комиссиялык топ Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы бала бакчалардын абалдары менен таанышып, кыдырганда Ат-Башы районунунун бала бакчаларында 269 бала ашыкча тарбияланып жатканы, ал эми Ак-Талаа районунун бала бакчаларында 119 бала ашык тарбияланып жатканы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×