Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 04.04.2014 15:59

Ак-Талаа району боюнча жазгы айдап-себүүгө техникалар 74%га даяр (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кечээтен бери райондун ар бир айыл аймактарын жазгы айдап-себүүгө карата айыл чарба техникаларын кабыл алуу, үрөн, күйүүчү майлары туурасында кыдыруу иштери жүргүзүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, техникаларды кабыл алуу боюнча КР өкмөтүнүн алдындагы Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Азисов баштаган айыл чарба адистери жана райондук айыл чарба адистери, администрациянын өкүлдөрү кечээ төрт топко бөлүнүшүп ар бир айыл аймактарын кыдырып чыгышты.

Кыдыруунун жыйынтыгы бүгүн Терек айыл аймагында жыйынтыкталып, анда быйыл район боюнча жазгы айдап-себүүгө техникалар толугу 74%га даяр экендиги, быйылкы жылга дан эгиндери 4480 гектарга эгиле тургандыгы, анын ичинде 3190 га буудай, 1290 га арпа, 357 картошка, 114 га жерге жашылча айдала тургандыгы маалым болду.

Андан сырткары, көп жылдык чөптүн аянты 10339 га болсо, пайдаланылган көп жылдык чөптүн аянты 15290 гектарды түздү. Жалпы аянт 15965 гектар болсо, 675 га пайдаланылбай калгандыгы да маалым болду. Себеби, 164 гектар жер таштак, 27 га шор жана 484 гектар жер суу жетпейт.

sDF

SDFG

SDF

fAER

SFG

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×