Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 08.04.2014 09:45

Ак-Талаа районунда 7-апрель - Элдик революциянын каармандарын эскерүү митинги болду (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Э.Карасартов атындагы орто мектебинде 7-апрель - Элдик революциянын каарманы, маркум Адилет Карасартовду эскерүү кечеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада, бакиевдик-авторитардык бийликтин жосунсуз жасаган жоруктары ачык айтылуу менен бирге эле Ак-Талаа районунан ошол кездеги бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы турган үч эр-азаматты эскерүү кечелери, алардын жасаган иш-аракеттери туурасында окуучулар тарабынан даярдалган ыр, хорлор, декломациялар аткарылды.

Андан сырткары, А.Карасартов атындагы паркта да апрель окуясынын каармандарын эскерүү кечеси улантылып, ал жерде залп атылып, куран окутулуп, эстелигине гүлчамбар коюшту жана алардын кылган иштери туурасында азыноолук кептер айтылды.

Митингде район жетекчиси С.Черикбаев сөз сүйлөп, кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн кан-жанын аябай, элдин бакубат жашоосу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган, жигшитердин жаркын элеси, ар биринин эсинде түбөлүк жашай бермекчи, деди.

апре

апрель

апр

unnamed

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×