Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын каарманы кыргыздын акыны Алыкул Осмоновдун жубайы Зейнеп Сооронбаева тууралуу болмокчу. Алыкул Осмонов 24 жаш курагында, Зейнеп 17 жашында Москвадан кездешип, турмуш куруп, кийинки турмушу эмне үчүн кайгылуу аяктаганы боюнча Turmush басылмасынын кабарчысы иликтөө жүргүздү.
Зейнептин жаштыгы
Зейнеп Сооронбаеванын атасы Сооронбай Кочкор өрөөнүндөгү Ак-Кудук (азыркы Комсомол айылы) айылынан болот. Сооронбайдын жакын тууганы Акмат Кудайбергенов деген адам тың чыгып, падышалык Россиянын бийлиги учурунда Пишпек шаарында приставдын тилмечиси болуп иштейт.
Өз аты Акмат Кудайбергенов. Келдике деген уруудан чыккан адам болгондуктан Келдике Акмат деп атап калышкан.
1917-жылы февраль революциясынын учурунда Кочкордо убактылуу өкмөттүн комиссары болуп, Чекилдектин сазына базар ачып, базарды Сооронбай иштетип турган. Кийин Акмат Пишпек шаарына барып, «Эркин Тоо» гезитинде котормочу, сотко секретарь болуп, Сооронбай, Өмүрбай (жазуучу Сагындык Өмүрбаевдин атасы) жана башка туугандарын шаарга көчүрүп барган. Алар орус маданиятына эрте аралашып, Сооронбай соода кызматкери болгон.
Акматтын кызы Анвар Кутубаева өз доорунун көрүнүктүү актрисасы болгон. Сооронбай 1910-жылы Керим деген уулду, 1922-жылы кыздуу болуп, ысымын Зейнеп деп коет. Керимди жогорку окуу жайларда окутат. Өз балдарынан сырткары тууганы Базарбайдын Сапаргалый Базарбаев деген баласын багып алып, Токмоктогу балдар үйүнө тарбияланууга берген. Ал жердеги пионер отрядында Сапаргалый сурнай тартып, келечектеги белгилүү акын Алыкул Осмонов барабан кагып, чогуу жүргөн теңтуштардан болушкан.
1937-жылы Сооронбай Ошто иштеп жүргөндө куугунтукка кабылып, репрессияга айдалып, ошол бойдон кайтып келген эмес. Үйдө Сооронбайдын аялы Зуура, уулу Керим, Зейнеп үчөө калат. Андыктан Сооронбайдын үй-бүлөсүнүн түйшүгү аялы Зуурага, баласы Керимге түшөт. Керим 1930-жылдары Кыргыз агартуу окуу жайын бүтүрүп, ошол жерде окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, кийин директор даражасына чейин жеткен.
Керимдин ай чырайлуу карындашы Зейнеп үйдүн кенжеси болгондуктан эрке өсүп, орус тилин жакшы билип чоңоет. Сооронбайдын багып алган баласы Сапаргалый менен бирге жүргөн Алыкул Осмонов бала кезинде Зейнеп жөнүндө угуп-билип, сыртынан жактырып да жүргөн. Кээде Дзержинский багындагы музда коньки тээп, көңүл ачып жүргөн оюнкараак кызды суктана карап тураар эле. Ал тургай жигит болуп калган кезинде, Керим Сооронбаевдин короосунун алдына Зейнепти көрүү үчүн келет. Бир күнү кокустан Сапаргалый Алыкулду көрүп калып, «Ээ, Алыке эмне кылып жүрөсүң, менде жумушуң бар беле?» деп сурайт. Бала кезден сыр жашырбаган досуна, ачык айтууну эп көрүп, Алыкул шарт жооп берип, «Сапаке карындашыңа көз салып жүрөм, чоңоюп, бой тартса колукту кылып алсамбы деген ойдомун» дейт. Сапаргалый Алыкулдун айтканын эч кимге айтпайт. Кийин 1977-жылы кышында Керим Сооронбаев ооруп жаткан кезде Зейнеп Ташкент шаарынан көрүү үчүн келет. Ошол учурда Сапаргалый Зейнепке Алыкул менен бирге отрядда марш ойноп майрам тоскондорун эскерип, Алыкулдун Зейнепти жактырып жүргөнүн айтып берген.
Зейнеп мектепти аяктагандан соң педагогикалык техникумга тапшырат. Окуу жайда коомдук иштерге аралашып, драма ийримдерине катышат. Драма ийримдерине кызыгуусунун себеби атасынын тууганы Акмат Кудайбергеновдун кызы, жакын эжеси Анвар Куттубаеванын таасиринен болсо керек.
Педагогикалык техникумда Зейнеп менен бирге Алыкул Осмоновдун мурдагы сүйгөн кызы аталган Айдай Жигиталиева, Күлүйпа Кондучалова , Урияпса Сагынбаева (кийин Николай Чернышевскийдин атындагы китепканасында директору болуп иштеген), Мидин Алыбаев чогуу окуп, курсташ болушкан. Зейнеп менен Айдай бир үйдө жашаган. Айдай мээримдүү сүйлөгөн, мүнөзү туруктуу, кийими да жарашыктуу, ажарлуу кыз болгон. Ал ата-энесинин жалгыз эркеси экендигине карабастан бой көтөргөндү, менменсинүү дегенди деле билчү эмес. Ага Алыкулдан башка Абдыш Самсалиев деген айылдаш жигити жолугушууга келип турган. Кийин экөө баш кошкон.
Алыкул Осмонов Айдай менен жолугууга педагогикалык техникумга кээде теңтуштары менен барчу. Ошол кезде Зейнептин сахнада оюн коюп жатканын көрүп, сугу артып, карап турчу. Жигиттин антип сыртынан акмалап жүргөнүн Зейнеп билген эмес.
Зейнеп Сооронбаева 1934-1937-жылдары педагогикалык техникумду аяктап, андан ары 1937-1941-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтта окуусун улантат. Анткен менен атасы Сталиндик репрессияга кабылгандыктан «эл душманынын кызы» деген жарлыктан арылбай, ар дайым көзөмөлдө болгон.
Зейнеп өтө активдүү кыздардан болгондуктан аялдардын биринчи съездине маданият тармагында иштеген Күлүйпа Кондучалова менен бирге катышып, сөз сүйлөгөн. Зейнеп менен Күлүйпа Кондучалова жакын, ынак курбулардан болушкан.
Алыкул менен Зейнептин жакындан таанышуусу
1939-жылдын февраль айы. Кыргыз ССРинин исскуствосунун биринчи декадасы Москва шаарында өтөт деп, даярдык жүрүп жаткан. Зейнеп курбу кызынын колунан «Литературная газетанын» 13-февралында чыккан санын көрүп, көз жүгүртөт. Анда биринчи декадага даярдык көрүүгө келген Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов төртөөнүн сүрөтү басылып, алдына Б.Емельяновдун «Кыргыз исскуствосунун кечеси» деген макаласы берилген экен. Орус акындары кыргыз калемдештеринин ырларын которуп, Алыкул Осмоновдун ырларын белгилүү акын Арсений Тарковский которгон болот.
Зейнеп акынды гезиттен окугандан аз өтпөй, декадага даярдык жүрүп жаткан кезде институттагы кыргыз студентери Зейнепти «Москва» клубуна жолугушууга чакырат. Мына ошол жолугушууда Зейнеп менен чогуу окуган Ажыгабыл Айдаркулов, Илике Көкөев деген жигиттер Зейнеп үчүн атайын Алыкулдун жанынан орундук камдашат.
Эч нерседен капарсыз кыз ашыгып келсе, залда эл жык толуп, орундук жок. Олтурууга орундук издеп, эки жакка көз жүгүртүп турганда, ортодогу бош орундукка чакырышат. Жанында олтурган өңү серт,жаш, мээримдүү жигит Зейнептин окуусун, студенттик күндөрүн сурап, аны көрүп жүргөн, эски таанышындай мамиле жасайт. Зейнеп экөө таанышып, ал аны көрүп жүргөнүн айтат. Зейнеп буга чейин Алыкулдун атын угуп жүргөн менен өзүн көрө элек болчу. Курбу кызы Айдай Жигиталиева Алыкул менен сүйлөшүп жүргөнүн уккан. Анткен менен алардын кийинки мамилелери жөнүндө билчү эмес.
Алыкул сүйлөп жатып олутуу түрдө «Сени мен чакырткам. Чакырткан себебим, турмуш куруу сунушун айтсам дедим эле» деп суроолуу карайт. Мындайды күтпөгөн Зейнеп же ыйлаарын, же күлөөрүн билбей кызарып туруп калат. Ал кезде Зейнеп 16 гана жашта болчу. Таанышып таанышпай эле шарт айтылган сунуш аны дендароо кылды. Аны сезген акын ийнинен аяр кучактап, «Андай болсо күтөйүн, окууңа тоскоол кылбайын, Москвага бат-бат келип турамын» дейт. Зейнеп келечектеги тагдырлашы Алыкулга ушинтип жолугат. Зейнеп институтка келип, курбусу Ритага болгон окуяны айтып берет. Рита Зейнептин сабактарына жардам берип, турмушка терең караган кыз эле. Ал «Окуу керек болсо, турмушка шашылба. Күйөө керек десең бүгүндөн калбай кет» деп урушкан. Кийин Зейнеп Алыкулду Ритага тааныштырат. Алар жол жээктей сүйлөшүп басып, театрга барышат. Театрдан кайткан соң Рита « Зейнеп, бул жигитти колдон чыгарба экөөңдүн тагдырың бир» деп айтат.
Ошондон тартып, Зейнеп Алыкулга жолугуша баштайт. Алыкул Осмонов 1939-жылдын 1-январында «Ардак белгиси» ордени менен сыйланып, кыйла эле атактуу болуп калган эле. Экөөнүн мамилеси жакшы болгон менен Зейнеп чоң сүйүүнүн илебине тартылбады. Анын көңүлү башка курсташ жигитте болчу. Бул тууралуу курбу кыздарына айтса «Сүйүү үйлөнгөндөн кийин келет, сүйлөшүп жүрө бер, мындай белгилүү акын адам менен баш кошуу бакыт эмеспи» деп айтышкан.
Алыкулдун да бул тууралуу мындай ыр саптары бар.
«А» аттуусу мени көрүп кызарат,
«З» аттуусу мени көрүп кумсарат.
Алыкул Москвага Зейнепти көрүүгө байма-бай каттап, экөө театрга, киного барып турушкан. Алыкул көбүнчө кышкысын Москвага барып ,Зейнеп менен эс алчу. Зейнеп Алыкул менен таанышкандан 2 жылча убакыт болгондо, кыргыз студиясында окуган студент кыз «Алыкул Жамийла Сулайманова деген кызга үйлөнгөнү жатыптыр» деген кабарды айтат. Жамийла Москвадагы кыргыз студиясында окуйт, Зейнеп экөө курбулардан болчу. Колхоз башкармасынын кызы болгон. Алыкулга улуу эжеси кайындап жүргөн. Ошол кыз менен сүйлөшүп, үйлөнгөнү жатыптыр деген сөздү уккан Зейнеп ишенээр ишенбесин билбей калат.
1941-жылы Алыкулга «Жамийлага үйлөнгөн жатасыңбы?! Чындыкты ачык айт» деп өтүнүп, кат жолдойт. Катты алаар менен акын өзү бараарын айтып, «Тосуп ал» деп телеграмма жөнөтөт. Ошол эле күнү Москвага учат. Зейнеп тосуп чыкпайт. Алыкул түн ортосунда кыздын жатакансына барып, «Эмне болду? Эмнеге таарындың?» деп сурайт. Арнап алып келген жоолугун берип, «Эми мындан ары колуктум деп жүрөйүн. Салынып ал» деп Зейнепке үйлөнүү сунушун айтат. Таарыныч сөздүн төркүнү, бирөөлөрдүн ушак сөзүнөн чыкканын түшүнгөн соң Зейнеп да, Алыкул да каткырып күлүшүп, ортосундагы ымаласы ачыла түшөт. Алыкул бир нече күн Зейнеп менен Москвада музейлерди, китеп дүкөндөрүн кыдырып, киного киришет. Театрга Уильям Шекспирдин, Бернард Шоунун жана башка айтылуу пьесаларды көрүшөт. Театрдан чыкканда Алыкулдун көңүлү көтөрүлүп, Зейнепти колтуктап «Карап тур, Шекспирдин пьесаларын кыргызча которуп, өзүм да пьеса жазбасам» деп кыялданат. Зейнеп Айдай тууралуу сураганда, аны сүйгөндүгүн жашырбай айтат. Ал кезде ордендүү акындын эл душманынын кызы менен жүрүшү кооптуу болгон. Кимдир бирөө каралап койсо камалып кетүү коркунучу бар болчу. Акын үйлөнөт деген Жамийла Сулайманова болсо Акимжан Токбаев дегенге турмушка чыгып кетет.
1941-жылы август айында Зейнеп Москвадагы ГИТИСти аяктап, бирок согушка байланыштуу дипломун алууга үлгүрбөй калат. Согуш күчөп баштагандыктан, дипломду аркаңардан салып жиберебиз деп шашылыш узатышат.
Алыкул менен Зейнеп эми мурдагыдан жакын болуп, ээрчишип, жоро-жолдошторунукуна бирге барышат. Зейнеп шайыр, ачык, ал эми Алыкул түнт, сөзгө сараң, ойчул болчу. Алардын ушул коошпогон мүнөзүн байкаган Мукай Элебаевдин жубайы Бурулча Зейнепке «Экөөң жуп болуп жашап кетээриңерге анчалык ишенбейм» дейт. Бурулчанын муну айткан себеби Зейнептин энеси Зуура «Ушу кенже кызымдын ким менен сүйлөшүп жүргөнүнө көз салчы» деген суранычынан болгон. Аны Зейнеп Алыкулга айтып, «Бурулча жеңемдин эмне дегени?» деп таарынычын Мукай менен Түгөлбайга билдирет. Мукай «Алардын ымаласын муздатпа» деп аялын урушат. Керим орус кызы Нинага үйлөнүп, өз аракети менен 1939-жылы Кыргызстандын ЛКЖС БКнын катчысы болуп, 1941-жылдары биринчи катчылыкка чейин көтөрүлүп, партиялык кызматкер болгон. Москвадан окуусун ийгиликтүү бүтүрүп келген Зейнеп театрда иштей баштайт.
Зейнеп менен Алыкулдун баш кошушу
Акыры алардын үйлөнүү тою Керим Сооронбаевдин үйүндө өтөт. Керим ал кезде Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп турган. Батышта согуш оту жүрүп жаткан. Керим карындашынын никесине каршы болсо, да акыры көңүлүн кыя албай макулдугун берет. Алыкул той үлпөтүнө жазуучуларды чакырырат. Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишев, Мукай Элебаев жана башка жазуучулар катышып, эки жашка ак батасын беришет.
Алыкул 1939-жылы Д.Бедный азыркы Токтогул көчөсүндө өзүнө берилген бир бөлмөлүү үйдө Түгөлбай Сыдыкбеков менен бирге жашап турчу. 1940-жылдын сентябрь айынан автобекеттен алыс эмес Түштүк көчөсүндө (кийин Чуйков деп которулган) жазуучулар союзу курдурган 2 кабаттуу үйгө Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымаалы Баялинов, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишевдер коңшу болуп көчүп келишет. Зейнепти ушул жердеги чакан 2 бөлмөлүү үйүнө алып келди. Экөө үйлөнөөрү менен Зейнепти маданият башкармалыгына ишке алышат.
Алгач экөө бактылуу жашады. Алыкул таң эрте бак аралап кетип, кайтып келгенде китеп колунан түшпөйт. Жаш колуктусун «көпөлөгүм», «ак куум» деп эркелетет. Алыкул «Шаарга жашабайбыз. Ысык-Көлгө көчүп барып, толкун урган секиге там салам. Жомоктогу абышка-кемпирдей көл жээгинде жалгыз жашайбыз. Кечинде эчкилерди көл жээгинен айдап келип, тоого айдап, коломтого көмөч бышырып оокат кылабыз. Айлуу түндө кайыкка түшүп, көл үстүндө сүзөбүз» деп кыялданат. Аны уккан Зейнеп акынды «кыялкечим» деп эркелетет. Алыкул кээде көп сүйлөбөй, түнт болуп, дулдуюп олтура бермейи бар. Ал кезде Зейнеп «Айдайын унута албай жатат. Мени сүйбөйт» деген ойго кетчү.
Зейнеп искусство иштери боюнча республикалык башкармада театр бөлүмүнүн жетекчиси болгондуктан, ишине эртең менен 9:00дө кетип, түнкү 23:00дө келип, үй оокатка чолоосу тийбейт. Кызматын жакшы көргөндүктөн үй-бүлөнү экинчи орунга коюп, баш оту менен ишке берилип кеткен. Жаңы коюлган спектаклдерди талкуулоо болгондо түнкү 1-2лерде араң чарчап келет. Ал кезде Алыкул кызганганынан түнөрүп тосуп алат. Мындай мамилесин Зейнеп жаштыгы менен түшүнбөйт. Акын болсо жаш жубайын үйүнөн чыгаргысы келбеди. Жаңы баш кошкон кездеги бактылуулук узакка созулбады, экөөнүн уруш талашы көбөйүп, Алыкул үшкүрүнүп тескер карап олтура берет. Кээде Зейнеп жумуштан кеч келип, үйдү такылдаткан кезде, эшикти ачпай дулдуюп отура берчү.
Алыкулдун бир мүнөздүгү, оңой менен ачылып сүйлөбөгөнү, Зейнептин көктүгү, таарынчаак мүнөзү мамилени жылыта албады. Бири-биринен кечирим сурабай, экөө эки жакты карап жатышкан учурлары көп болгон. Театрга бирге барып, кээде жолдун эки тарабы менен келишет. Анын үстүнө Зейнептин боюнда бар болгондуктан туталанып, майда-чүйдөнү көтөрө албайт. Кээде Алыкул «Кечирип кой, ак куум. Кыялым ушундай, кырс жаралыптырмын» деп кечирим сурап, жайдактап калат.
1942-жылы согуш басылмак түгүл күчөп кетти. Бирөөнүн турмушуна кызыкканды кой, ар ким өз айласын таппай калды. Жакын санаалаштарынын баары согушка кетти. Согушка өзү барбаганына Алыкул катуу чүнчүдү. Ыр да жазбай калды.
Ал учурда Зейнеп Сооронбаева ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү койгон «Король Лир», «Жардылык кемтик эмес» аттуу спектаклдерге резенция жазып, «Советская Киргизия» жана башка гезиттерге үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Ал тургай Алыкул Осмоновдун «Он экинчи түн» деген котормосуна да резенция жазган. Зейнептин агасы Керимди Свердловго Советтер союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жогорку партиялык мектебине жөнөтүштү. Үйдө апасы Бурулча, келини Нина небереси менен кыйын турмушту башынан кечирип жатканда, Зейнеп да байма-бай төркүнүнө бара баштаган. Экөөнө акыл айтып, эпке салган киши болгон жок.
Жыпар
1942-жылы январдын аягында кыздуу болушту. Аялынын ай-күнү жеткен кезде акын анын көзүнүн агы менен айланып, балача кубанып, жанынан көп чыкпай калган. Улам ат тандап, анысын жактырбай кайра чийип убара болгон. Кызы төрөлгөндө кыздын ал-абалын сурап, төрөт үйүнө бир күндө бир нече жолу каттайт. Алыкул аталык бактыга берилип, абдан сүйүнүп, кыштын кыраан чилдесинде көйнөкчөн эшикке кирип-чыгып жүрө берип, суукка урунат. Анын минтип жүргөнүн жаңы төрөгөн Зейнеп байкабай калат. Ошондон кийин акын жакшы боло албай оорусу улам күчөп турган.
Кызы төрөлгөндө көпкө уктабай, 3 күн ойлонуп, кызына Жыпар деп ат койгон. Эки жаштын кубанычына чек жок. Алыкул аялын чекесинен сылап, кызын өпкүлөп жашоо оңуна түштү. Ортолоруна жылуулук орноду. Алыкул эшикке чыкпай кызы менен Зейнептин жанынан карыш жылбайт. Кызы Алыкулдай каштуу, чачы кара, Зейнеп сыяктуу мурду кырдач, оозу оймоктой болгон. Бирок төрөт үйүндө суукка урунган наристе 15 күн гана жашады. Кыз Зейнептин колунда үзүлдү. Зейнеп буркурап-боздоп кала берди. Акын кызынын чарчаганын жан адамга айтпастан, колуна аяр көтөрүп үйдөн чыгып кетти. Ал учуп кеткен чүрпөсү, Жыпардын сөөгүн өздөрү жашаган, азыркы темир жол бекетинин жанындагы ак кайыңдын түбүнө аярлык менен жашырды. Кызынын чачынан кыркып алып, өмүр бою сактап, аны жыттап кызын унута алган эмес.
Жыпар чарчап калгандан кийин төрөт үйүнүн дарыгерлерин сотко берем деп оолукту. Тыйылбай кечке ыйлады. Зейнеп Алыкулду араң дегенде жоошутат. Дагы бир айтымдарда, Алыкул кийин жаз келип, кар ээриген кезде барып, кайсы кайыңдын түбүнө көмгөнүн так ажыратып таппай калат.
Алыкул ошондон кийин узак убакыт иштей албады. Кыз чарчагандан кийинки акындын, Зейнептин кайгысы экөөнүн ортосундагы муздактыкты ого бетер күчөттү. Зейнеп жаз келгенде кайгыдан баш көтөрүп, жумушуна чыгып, алаксый баштады. Ошондон баштап алардын ортосуна чагым салгандар көбөйдү. Акын өзү да шекчил болуп кеткен. Болоор-болбоско уруш күч алды. Акыры Алыкул көлгө барып, дарыланып кайтып келгенде Зейнеп «Турмушубуз болбой калды, жаман айтышпай ажырашалы» дейт. Ошентип 1943-жылы августта Зейнеп кечкисин үйдөн чыгып кетип, кайрылып барбады. Анын буюм-тайымдарын апасы менен Мукай Элебаевтин жубай Бурулча алып келген. Алыкул Зейнеп менен жашап жүргөндө В.Шекспирдин «Он экинчи түн» чыгармасын которгон. Эгер акын бир жыл чыдап койгон кезде мүмкүн экөө балалуу болуп, сүйгөн жары үйдө олтуруп калмак беле? Ким билет. Муну экөө тең кеч түшүнүшкөн. Ажырашуу акынга да Зейнепке да чоң сокку болду. Зейнеп кеткенден кийин Алыкул үйдү таштап, Тимирязев көчөсүнөн үй сатып алып, көчүп кеткен. Жолдоштору «Өз үйүңдөн кетпе» дегенде «Бул үй мага бактысыздык алып келди» деп тил алган эмес. Алыкулдун акыркы өмүр жашоосу жаңы сатып Тимирязев (Сокулук) көчөсүндөгү алган үйүндө өтүп, болгон жинин ыр жазууга арнаган.
1944-жылы 30-ноябрында Койсарыда кызына арнап, «Бөбөккө» деген ыр жазган.
Түпсүз кубат, чексиз элес болуучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болуучу,
Энесиндей эссиз эмес болуучу,
Атасындай кекчил эмес болуучу.
Кийин жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков «Зейнеп экөө арзышып, табышып баш кошушкан. Бирине-бири төп келген жубайлар болчу. Бирок ортодогу көрө албастар Алыкулдун кулагына бирдеме деп шыбырай коюп жүрүшчү. Абдан ишенчээк болгондуктан, анык-чынына чыкпай жаштык кылып койду. Беш жашар баладай ички сезими таза адамга арам сөздөр тикенектей эле тиет эмеспи. Зейнептин туугандары да анын оорусу жугат деген сыяктуу кептерди айтышы алардын тагдыр жазмышына таасир этти. Бул жерде кимдир бирөөгө күнөө коюуга болбойт. Зейнеп мурда да келип, менин байбичем менен сырдашып, муңдашып жүрчү. Кийин Асыл каза болгондон кийин да жолуктум. Чыпалактай сары кыз эле, балпайган берекелүү байбиче болуптур. Бакыйган алыбеттүү балдары бар экен. Тагдыр деген тамаша эмес тура. Болбосо экөө ылайык түгөй эле. Бири театрда иштеп, экинчиси акын дегендей. Алыкулдун жаңычыл акын экендигин көрө албагандар да чыккан. «Мааниси жок махабат» деген тескери рецензиянын автору Мидин кийин өкүнүчүн мас болуп келип, ыйлап айткан эле», - деп эскерген.
Зейнептин кийинки тагдыры
Зейнеп да ажырашуудан көп өтпөй Москвага барып, ГИТИСтин аспирантурасына окуп баштады. Жоомарт Бөкөнбаев, агасы Керим аракет кылып, экөөнү элдештире албады. Зейнеп акынды 4 жыл күттү. Келип үйгө алып кетет деп жүрдү. Артынан канчалаган ушактар айтылды. «Алыкул эл душманынын кызын кууп салыптыр», «Зейнеп акынды чанып кетиптир», «Алыкулдун оорусу жугат деп, үйүндө оокаттарды жыйначу эмес экен» деген ушак айың-кептер элдешүүгө мүмкүндүк бермек да эмес. Тилекке каршы ушундай ушактардын көбүн акын менен жүргөн, белгилүү эле адамдар пендечиликке алдырып чыгарышкан.
Зейнеп болсо Алыкул менен ажырашкандан кийин Жыпарды унутуш үчүн балдар үйүнөн 1942-жылы туулган, Жыпар менен тең Зарема деген крымдык татар кызды багып алат.
1947-жылы Керим Сооронбаев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Алыкул менен ажырашкан Зейнеп да 2 жыл ГИТИСтин аспирантурасында окуду. Окуусун аяктаган кезде өзүнөн бир топ улуу адамга, Ташкент шаарына турмушка чыгаарын айтат. Апасы «Алыскы жерге мен кантип барып турам? Эптеп көндүрүп алып калбайсыңарбы, айланайындар!» дейт. Достору, туугандарына «Адамкерчиликтүү киши экен» деп Шарип Талибов деген адамга турмушка чыгып кетет.
Бул киши Өзбек Республикасынын белгилүү котормочусу, Өзбек ССР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер болгон. Ал Маркстын «Капиталын», М.Горкий, Н.Чернышевский сыяктуу көптөгөн жазуучулардын чыгармаларын өзбекчеге которгон.
Ошондон кийин күйөөсүнүн фамилиясын алып Зейнеп Талибова аталып, Ташкент шаарына жашап калат. Ошентип кыргыз кыздарынан алгачкылардан болуп театрлык искусство жагынан Москвадан билим алган Зейнеп, өз жерине бата албай башка жакка турмуш куруп кетти. Ал жактан уулдуу болгондо акынга барып, кечирим сурамакчы болот. Ал тилегине да жетпеди.
1950-жылдын 12-декабрында шейшемби күнү кыштын суугунда оорулуу акын каза тапты. Алыкулдун сөөгүн мусулманча жума күнгө тууралап 15-декабрда жерге беришкен. Бул күнү каттуу суук болуп, асман түнөрүп турган экен. Коштошуу зыйнаты орус драма театрында өтүп, кечкурун жерге берилет. Зейнепке эч ким кабар айттырбады. Жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип, «Мурдагы күйөөң, кыргыздын акыны каза болуптур» деп угузат. Рауза менен Зейнеп Москвада чогуу окушкан. Акындан ажырашып, башка турмуш тапкан менен Зейнеп акынды унута алган эмес. Түшүнө да кирип турган. Акын менен жүргөн күндөрүн «Ыймандай сырым» деген эскерүү дептерине жазып катып жүргөн.
Зейнеп 1965-жылдардан кийин үй-бүлөсүнүн макулдугун алып, Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинде иштеп турган. Ошол мезгилдерде Зейнеп Алыкулдун мүрзөсүнө барып, гүл чамбар коюп, куран окуп кайткан.
«Жыпардын («Осмонова Жипар Алыкуловна умерла 9\III.1942. Причина смерти: остатки бронхопневмонии. Возраст 15 дней» деп жазылган справкасын кол жазмалар фондусуна Зейнеп Сооронбаева 1967-жылы 5-июнда тапшырган. Бул догдурдун маалымдоо кагазын 25 жыл катып жүргөн.
Бир күнү Күлүйпа Кондучаловага кирип, үйүнөн кат алганын, чакырып жатышканын айтат. Ал «Барсаң бар. Кайра келе албай каласың го» дейт. Келем деп кетип, 2-3 айдан кийин «Үй-бүлөлүк, турмуш шартка байланыштуу бара албай калдык» деген кат келген.
Ошондон кийин 1977-жылы агасы ооруп жатканда келген. Ошол жылдын 24-июлунда агасы Керим Сооронбаев каза болгон. Зейнеп 1980-жылдары Алыкулдун мүрзөсүнө жаңы эстелик койдуруп, 2 бөлмө музейди өз каражатым менен жасалгалап берейин деген сунушун Камбаралы Бобуловго (ошол кездеги, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институнун сектор башчысы) жазат. Бирок акынды чанып таштап кеткен деп Зейнепти күнөөлөшкөндүктөн анын кайрылуусун четке кагышкан. Балдар үйүнөн багып алган Зарема деген кызынан сырткары кийинки жолдошунан 3 уулдуу болуп, небере-чөбөрөлүү болгон. Орус мүнөз болуп, бирок өзбектин салтына кирип кеткен.
Көп жылдар театр институнда кыргыз бөлүмүнө сабак берип жүрүп, эс алууга чыгат. Жолдошу Шарип Талипов адамгерчиликтүү инсан болуптур. Ал Ташкент шаарында Насырова көчөсүндөгү №59 үйдө жашап турган.
Зейнеп Талипова 2002-жылы 80 жашында Ташкент шаарында кайтыш болгон.
Изилдөөчүлөр кыргыз поезиясы Алыкулдай акынга ээ болгон менен өнөр таануу илими Зейнептей адисинен ажыраганын айтып келишет. Эгер Зейнеп Кыргызстандан кетпей элибиз үчүн кызмат кылганда исскусствого канчалык деңгээлде салым кошоор эле?
Даярдаган Майрамбек Деркенбаев