Turmush — Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын 31 жаштагы тургуну Кубаныч Барат уулу 4 жылдан бери кулпунай өстүрүп, киреше таап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Анын айтымында, январь айында күнөсканада бышкан кулпунайдын1 килограммы 1500 сомдон жогору сатылып, айрым учурларда 2000 сомго чейин бааланууда. Аймакта дыйканчылыктын бул түрү сейрек кездешкени менен ал кулпунайды жаз-кыш дебей өстүрүүнү колго алган.
«2022-жылы атайын окуудан өтүп келдик. 2023-жылы күнөскананы курдук. Аны кошуна Өзбекстандан көрүп келип жасадык. Керектүү жабдыктарды да ошол жактан алып, үйрөнүп келдик. Алгач Кореянын “Сохен” сортун эгип, жакшы түшүм алдык. Азыр сортту алмаштырып, “Кабирелло” деген көчөттү Оштон алып келдик. Учурда ошол сорт бышып жатат. Күнөсканада меш бар, “жылуу пол” системасы аркылуу жылытабыз. Күнүмдүк чыгаша 300 килограмм көмүрдү түзөт. Семинарларга тынымсыз катышып, окуп турабыз.
Түшүмдү мурда Ошко өткөрчүбүз. Азыр болсо өзүбүздүн Баткендеги дүкөндөргө берип жатабыз. Жыл сайын баа кышында жогору болуп, апрель айына чейин 2000 сомго чейин жетиши мүмкүн, андан кийин 700–800 сомго чейин төмөндөйт. Күнөскана тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган. Аянты 1000 чарчы метр (10 сотых). Мындан тышкары, 90 сотых жана 15 сотых жерге да көчөт отургузганбыз. Алар апрель айынан тарта каралып, бышып баштайт», — дейт Кубаныч Барат уулу.
Ал ошондой эле 10 сотых аянттагы күнөсканадан болжол менен 500 килограммдан жогору түшүм алууга мүмкүн экенин, ал эми 1 гектар жер аянттан 25 тоннага чейин түшүм алууга болорун кошумчалады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram