Turmush — Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин Кесиптик билим берүү агенттигине караштуу Фергана облустук кесиптик билим берүү башкармалыгынын Ташлак районундагы №3 техникумунун делегациясы Ош технологиялык университетине иш сапары менен келди.
Делегацияны ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин Энергетика предметтик-циклдик бирикмесинин башчысы Актан Нурмаматов тосуп алып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен тааныштырды. Андан соң делегация өкүлдөрүн университеттин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоодогу мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алышты. Ошондой эле, гуманитардык-технологиялык колледжинде окутулган адистиктер менен Өзбекстандан келген техникумдагы кесиптик багыттардын окшоштугу белгиленип, бул келечекте студенттер менен окутуучулар арасында тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзөрү айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган келишимге кол коюлду.