Turmush — Жол транспорт кырсыктарынын 87% айдоочулардын күнөөсү болууда. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев билдирди.
Анын баамында, көп учурда жеңил унаалар кырсыкташат.
«Бишкек–Ош унаа жолунун 380 чакырымы Жалал-Абад облусунун аймагынан өткөндүктөн, Баткенден же Бишкектен чыккан айдоочу биздин облустун аймагына киргенде чарчап жол транспорт кырсыгына кабылат. Ага кырсыктын 87% айдоочулардын күнөөсү менен болгону далил.
Былтыр облуста жалпы 742 жол транспорт кырсыгы катталып, андан 177 жаран каза болгон. Ал эми 1267 киши ар кандай жаракаттарды алган. Мындан улам биздин кызматкерлер жол траспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз», - деди Сыдыгалиев.